30
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: “Жарандарыбызды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу керек”
Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Улуттук Электр түйүндөр ишканасында электр тармактардын жетекчилеринин катышуусунда оперативдүү жыйын өткөрдү.
Жыйында Токтогул ГЭСиндеги кесепеттерин жоюу жана себептерин аныктоо маселеси каралды.
Темир Сариев 23-декабрь жана 28-декабрда Токтогул ГЭСиндеги авариянын себебин аныктоо жана кесепетин жоюу боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатканын жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу чаралары көрүлгөнүн билдирди.
“Токтогул ГЭСинде трансформаторлордун бири үзгүлтүккө учураганы үчүн автоматтык түрдө жарым күнгө айрым чектөөлөр болгон. Бул чектөөлөрдүн баары алынды, учурда өлкө боюнча электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат. Бардык энергетикалык ишканалар штаттык негизде иштеп, иштен чыккан жабдыктарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Биз майрам күндөрү жарандарыбызды электр энергия менен камсыз кылышыбыз керек. Эл майрамды эч ойлонбой өткөргөндөй болушу керек. Ал эми энергетиктер бул учурда тынбай иштеп, ишти калыбына келтирүүсү зарыл”, -деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев буга чейин тиешелүү органдарга кырсыктын себептерин иликтөө жана Токтогул ГЭСиндеги жабдыктарды калыбына келтирүү учурунда коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо боюнча тапшырма берилгенин билдирди.
Бул тапшырмалар боюнча Премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев маалымат берди. Кубанычбек Турдубаевдин маалыматы боюнча, 23-декабарда Токтогул ГЭСиндеги №2 трансформаторундагы шакекче кабелдик муфта ал эми 28-декабрда №3 трансформатордогу 500 кВттук кабелдик линияга жабыр келгени аныкталган.
Кубанычбек Турдубаев бул жабдыктардын жарактын чыгышы иштөө мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу экенин жана, эч кандай адамдык фактордун таасири болбогонун билдирди.
“Учурда №2-трансформатордогу шакекче кабелдик муфтаны калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул үчүн россиялык адистер чакырылып, жеринде иш жүргүзүлүүдө. Учурда Токтогул ГЭСинде эки блок иштеп жатат. Буга кошумча Токтогулдун төмөн жагындагы ГЭСтерге кошумча кубаттуулук өндүрүлүүдө. Майрам күндөрү чектөөлөр киргизилбей, калкты электр энергия менен камсыз кылабыз. Ал эми жабыркаган жабдыктарды калыбына келтирүү боюнча мөөнөттү кыскартып, эрте калыбына келтирүү аракети көрүлөт”, - деди Кубанычбек Турдубаев.
Кубанычбек Турдубаев Токтогул ГЭСиндеги кабелдерди алмаштыруу боюнча буга чейин иштер жүрүп, 2017-жылы алмаштыруу пландалганын, мындан соң бул иштерди 2016-жылы баштоо боюнча чечим кабыл алынарын маалымдады.
Муну менен катар Кубанычбек Турдубаев Токтогул ГЭСиндеги жабдыктарды калыбына келтирүү учурунда электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, алдын-ала макулдашуулар болгонун кошумчалады. Ошондой эле ал кечки жана эртең мененки электр энергиясын жогорку көлөмдө пайдалануу учурунда резервдик кубаттуулук пайдаланаарын билдирди.
Жыйын жүрүшүндө Өкмөт алдындагы Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбеков маалымат берип, Токтогул ГЭСиндеги авариянын себебин аныктоо боюнча иштер жүргөнүн жана анда адамдык фактордун жок экени алдын-ала аныкталганын билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев Финансы министрлигине Токтогул ГЭСиндеги жабдыктарды калыбына келтирүү учурунда электр энергиясын импорттоо үчүн керектүү каражатты карап чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү боюнча иштерди көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Муну менен катар Темир Сариев жарандарды дал ушундай кырдаалда электр энергиясы үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
[su_carousel source="media: 69163,69164,69165,69166,69167,69168" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү