25

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Жеке таарынычтан улам өндүрүшкө тоскоол болуу адатынан арылышыбыз зарыл”

Бул тууралуу 24-июлдагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйынында Премьер-министр Темир Сариев билдирди. Жыйын жүрүшүндө 2015-жылдын алты айындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу жана “Кыргыз Республикасынын коопсуз мектеп жана мектепке чейинки мекемелер тууралуу мамлекеттик программаны” бекитүү маселеси каралды

Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев 2015-жылдын алты айында өлкөдө экономикалык тармакта 7,2 пайыз өсүш көрсөткөнүн билдирди. Премьер-министрдин айтымында, экономикалык өсүш бардык тармактарда: өнөр жай-3,8% айыл чарба-0,3%, курулуш-0,7%, кызмат көрсөтүү-1,5% өсүш көрсөткөн. Ички дүң продуктунун көлөмү 172,4 миллиард сомду түздү.

Премьер-министр Темир Сариев бул көрсөткүч жетишсиз экенин билдирип, дагы өсүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Бул үчүн өкмөт башчысы өлкөдөгү район жана республикалык денгээлдеги шаарлардын жетекчилигине быйыл жыл аягына чейин 10дон ишкана ишке киргизүү тапшырмасы берилгенин кабарлады.

Премьер-министр 29-июлдан тарта Талды-Булак Сол Жээк кениндеги “Алтын-Кен” алтын комбинаты ишке кирерин жана жыл аягына чейин 1 тонна алтын өндүрүү тапшырмасы берилгенин билдирди. Бул кендин ишке кирсе, 300 миллион сом салык төлөнүп, анын 82 миллион сому жергиликтүү бюджетке түшүрөрүн Темир Сариев кабарлады. Бозымчак кенин толук кубаттуулук менен ишке берүү тапшырмасын берип, ага тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Өкмөт башчы жол тосуу тажрыйбасынан арылуу зарылдыгын айтып, саналуу кишинин таарынычынан улам бүтүндөй комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратуу туура эмес экенин кошумчалады

Муну менен катар Жерүй боюнча ишти тездетүүнү, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берди.

КР Өкмɵтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү