10

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев Жерүй кени боюнча Талас облусунун калкы менен жолугушту

Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас районунун аймагындагы Жерүй кенинин иши менен таанышып, Бекмолдо айыл өкмөтүндө облус тургундары менен жолукту. Кенди иштетүү укугун алган “Восток-Геолдобыча” компаниясынын өкүлдөрү алтын иштетүүчү комбинат жана жумушчулар шаарчасын куруу планы боюнча маалымат берди. Премьер-министр Темир Сариев Жерүй кенинин иштетүүнүн Кыргызстан үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

Алгач Темир Сариев өлкөдөгү жалпы кырдаал, ишке ашып жаткан улуттук долбоорлор боюнча жергиликтүү калкка маалымат берди. Премьер-министр учурдагы Өкмөт өлкөнүн экономикалык туруктуулук өнүгүшүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча баардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

“Биздин негизги талап - тартипти жөнгө салуу. Мамлекеттин экономикасын көтөрүү үчүн өнөр жайды жөнгө салуу зарыл. Эгер өнөр жай ишканалары иштебесе элдин жашоосу оңолбойт, ошондуктан баарыбыз бири бирибизди түшүнүү менен мамлекеттин коопсуздугун, кубаттуулугун, туруктуулугун камсыз кылууга салым кошуубуз керек,”- деди Темир Сариев.

Талас облусуна сапарынын негизги максаттарынын бири жергиликтүү элге Жерүй кени боюнча туура маалымат жеткирүү экенин белгилеген Темир Сариев бул кендин жалпы өлкө жана Талас облусу үчүн маанисин айтып өттү. Премьер-министрдин айтымында Талас облусунун бир жылдык кирешеси - 589 миллион сом, ал эми Республикалык бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сом бөлүнөт. Мындай жол менен Талас облусу дотацияда отурганын билдирип эгер Жерүй кени ишке кирсе аймак дотациядан толугу менен чыгаарын маалымдады.

Премьер-министрдин айтымында, кенди иштетүүгө уруксат үчүн бөлүнгөн 100 миллион доллар өлкөнүн, анын ичинде Талас облусунун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына жана өнүгүшүнө жумшалмакчы.

Бул багытта 170 миллион сом Бекмолдо айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөнүн кабарлады. Ушул эле көлөмдөгү каражат Талас районунун жана Талас облусунун эсебине которулаарын билдирди. Муну менен катар айылдыктарга жаңы жумушчу орундар түзүлүп, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашаарын Темир Сариев кошумчалады. Премьер-министр Жерүйдө 18 айдын ичинде комбинат ишке кирээрин, андагы жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү элден куралаарын билдирди. Ошондой эле өкмөт башчы Жерүйдөн түшкөн каражат өлкөдөгү авариялык абалда турган мектеп имараттарын оңдоого жана кайрадан салууга жумшаларын билдирди.

“Өкмөт өлкөдөгү 2222 мектеп жана 809 бала бакчанын абалын текшерип чыкты. Учурда 263 мектеп кайрадан курууга жана толугу менен оңдоодон өткөрүүгө муктаж экен. Буга байланыштуу Өкмөт Жерүйдөн чыккан каражатка өлкө боюнча 100 мектептин имаратын кайрадан куруп дагы 100 мектептин имаратын толугу менен оңдоодон өткөрүүнү пландап жатат. Биз учурда балдарга кам көрбөсөк эртеңки келечегибиз бүдөмүк болот” -деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда Премьер-министр Темир Сариев кенди иштетүүдө экологиялык талаптар катуу коюлаарын кошумчалады. Буга байланыштуу Темир Сариев айыл элин башкаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келип түшкөн каражаттын эффективдүү пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Бекмолдо айылынын тургундарынын Жерүйдү иштетүүгө байланыштуу суроолоруна жооп берди. Анын жүрүшүндө Темир Сариев энергетикалык маселелерге токтолуп Өкмөт калкты электроэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылаарын, 2017 жылдан тарта Талас облусунун аймагынын 70 пайызы жаратылыш газы менен камсыз болоорун маалымдады.

Андан соң Таластагы “Манас-Ордо” улуттук комплексине барып, музейдин учурдагы абалы менен таанышты.

[su_carousel source="media: 59161,59162,59163,59164,59165,59166,59167,59168,59169,59170,59171,59172,59173" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү