15

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев : “Жогорку Кеңештин V чакырылышы парламенттик демократияга из салып, жаңы саясий маданиятты калыптандырды”

Бүгүн, 15-октябрда, Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  V чакырылышынын акыркы жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Темир Сариев Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышын ишинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктап,  парламент эгемен Кыргызстан үчүн тарыхый миссияны өтөгөнүн белгиледи. “Азыр мөөнөтү бүтүп жаткан Жогорку Кеңеш парламенттик демократияга из сала алды, өлкөдө жаңы саясий маданиятты калыптандырды. Эмне гана курч, талылуу маселе болбосун, талаш-тартыштар парламенттин ичинде болуп, Жогорку Кеңеш чыныгы демократиялык талкуулардын ордосуна айланды. Ошентип, көчө митингдеринин күнү бүтүп, саясый күрөш цивилизациялуу форматка өттү. Өзүбүз азыр анча элес албаганыбыз менен демократия жолунда чоң белести ашканыбызды тарых эртели-кеч, сөз жок, тастыктайт”-деди Темир Сариев. Премьер-министрдин маалыматында, өткөн беш жылда парламент тарабынан каралган мыйзамдардын 60 пайыздан ашуунун Өкмөт иштеп чыгып, демилгелеген.  Алардын арасын өлкө үчүн  стратегиялык жана тарыхый мааниге ээ болгон программа, мыйзамдардын пакеттери болгонун белгилеген Темир Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жөнүндө мыйзамдар пакети, парламенттик шайлоону жаңы технологиянын негизинде биометриялык маалымат топтоо менен өткөрүү, Өкмөттүн туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча программасын атады. “Программа Кыргызстан үчүн маанилүү  77 улуттук инвестициялык долбоорду ишке ашырууга шарт түзүп  берди. Бүгүнкү күнгө  17 долбоор толугу менен аткарылды. Учурда 1 миллиард 59 миллион  долларларга бааланган 38 долбоор ишке ашырылууда. Ал эми  382 миллион доллар  каражатка долбоорду ишке ашырууга  даярдык көрүлүп жатат”-деди Темир Сариев. Бул программа алкагында Кыргызстан үчүн абдан маанилүү долбоорлор: түндүк-түштүк альтернативдик жолу, Ысык-Көл жол шакекчеси башталып,  жакынкы үч жыл аралыгында толугу менен бүткөрүлөрүн Премьер-министр белгиледи. Ошондой эле Казакстан менен биргеликте Алматы-Кемин жолун салуу боюнча макулдашууга жетишип, 2017-жылга чейин бүткөрүү каралып жатканын,  Кытай –Кыргызстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калганын  Темир Сариев белгиледи. “Быйыл Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясы ишке берилип, өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти.Учурда Кара-Кечекени комплекстүү иштетүү боюнча долбоор даярдалууда. Анын алкагында Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жолу курулуп, кендин өзүндө кубаттуулугу 1200 МВттык  4 агрегаттуу жылуулук борбору салынмакчы. Бул максат ишке ашса, Кара-Кече кенин шайма-шай иштетүүгө жана Бишкек жылуулук борборун өз көмүрүбүз менен камсыз кылууга жетишебиз”-деп билдирди Өкмөт башчысы. Сөзүнүн аягында Темир Сариев депутаттарга ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады. "Баарыбыз эриш-аркак мындан ары региондо эң эркин, жери керемет, эли акылман, журту бакубат коомду түптөйбүз деп ишенем. Баарыбыз өз жерибизден, өз элибизден бакыт табалы"-деди Темир Сариев. [su_carousel source="media: 65073,65074,65075,65076,65077,65078,65079" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү