01

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин 1-октябрь –Карылардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Ардактуу ата-апалар!

Урматтуу пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Сиздерди Карылардын эл аралык күнү менен Өкмөттүн атынан куттуктайм! Бул майрам сиздерге – улуу муундагы адамдарга таандык акылмандыктын, жетилген курактын, мээрмандыктын жана сабырдуулуктун майрамы. Биздин аталарыбыздын жана энелерибиздин акылмандыгы тынчтыкка, өлкөбүздөгү ынтымакка жана ырыскыга  өбөлгө болот.

Карыларга кам көрүү – биздин ар бирибиздин милдетибиз. Бул иш улгайган адамдарга колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүгү бар болгон ар бирибиздин күн сайын аткаруучу иши болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө улгайган адамдардын укуктары мыйзам менен корголот. “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында карылар үйүндө жана социалдык мекемелерде акысыз тейлөөгө алынышат, акысыз медициналык-социалдык жардам, реабилитациялык кызматтын ар кандай түрлөрү  көрсөтүлөт. Жыл сайын пенсия, пособиелер жана бир жолку төлөмдөр көбөйтүлүп жатат.

Биздин өлкөдө  595 миңден ашык пенсионерлер бар. 2015-жылы пенсиялардын орточо өлчөмү 4870 сом түзүүдө. Улгайган адамдарга даректүү социалдык жардамдар берилип, коммуналдык кызматтардын акысына, электр энергиясына жана газга жеңилдиктер каралган, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар берилип жатат.

Соңку жылдары жылдарда улгайган адамдардын менталитети жана жашоо образы да өзгөрүп жатат. Алар мезгил менен кошо жарышып, активдүү жана сергек жашоо образына умтулушууда.

Бирок чындап жардамга муктаж улгайган жарандар да аз эмес. Аларга кам көрүү, кайрымдуулук кылуу, көңүл буруу абдан зарыл нерсе.

Улгайган жарандарыбыздын бош убакытты өткөрүүсү үчүн шарттарды жакшыртуу максатында Өкмөт мамлекеттик социалдык заказдын алкагында улгайган адамдар күндүз болушуп бири-бири менен баарлашып, чыгармачылык иштер менен алектенүүсү үчүн 6 борбор ачкан.

Бул багыттагы иш улантылып жатат. Өкмөттүн алдында социалдык тейлөөнүн ар түрдүү формаларын өнүктүрүү, улуу курактагы адамдардын ден соолуктарын чыңдоо, азыркы тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашуусу үчүн мүмкүндүк түзүү боюнча маселелер турат.

Сиздерге татыктуу карылыкты жана социалдык коргоону камсыздоо, майрамдарда эле эмес, күн сайын сиздер өзүңүздөрдү жакшы сезип, дөөлөттүү өмүр сүрүүгө кам көрүү –  жалпыбыздын милдетибиз. Сиздердин жашоо-турмушуңуздарды жакшыртуу, урмат-сыйга бөлөнүп жашашыңыздар үчүн шарт түзүү колубуздан келет!

Баардык ата-апаларыбызга, ардагерлерибизге чың ден соолук, бакубаттык жана тынчтык каалайм. Баарыңыздарды жаштар жана коомубуз аздектеп көңүл буруп, кадырлуу карылардан болуп бактылуу өмүр сүрүшүңүздөрдү каалаймын!

Премьер-министр                                                             Т.А.Сариев