25
Июнь
Премьер-министр Темир Сариевдин Баткен облусу боюнча эки күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Баткен облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Лейлек районундагы Ак-Арык жана Раззаков айылдарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жана Баткен облусунун аймагындагы Исфана – Баткен – Ош автожолу, Ак-Сай – Рават, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык авто жолдору, Кулунду-Максат көпүрөсү жана Боз-Каракыштак каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышат.
Андан соң Ак-Сай айыл аймагындагы Кара участкасындагы чек ара тозотунун курулуш ишинен кабар алып, чек арачылар менен жолугат.
Муну менен катар Кадамжай шаарындагы Сурма комбинатынын жана Кызыл-Кыя тамеки ферментациялык заводунун бүгүнкү абалы менен таанышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү