18
Июль
Премьер-министр Темир Сариевдин Чүй жана Ысык-Көл облустары эки күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Чүй жана Ысык-Көл облустары боюнча эки күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги "Алтын-Кен"ишканасынын учурдагы абалы жана "Кемин" подстанциясынын курулушу менен таанышат. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында бир катар социалдык обьекттердин абалы менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планын талкууламакчы.
Сапардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугуп, кыргыз-казак өкмөт аралык кызматташтыгын актуалдуу маселелерин талкуулайт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү