31

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди Өлкөбүздүн эң ыйык, эң улуу майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 24 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн атынан, өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктайм!

Чейрек кылымга жакын Эгемендүүлүк майрамыбыз кут болсун!

Ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир жарандын көкүрөгүндө Ыйык туткан Улуу майрамы бар. Ал-майрам Баарынан Улук, Баарынан Бийик, Баарынан Кымбат. АЛ МАЙРАМ–ЭРКИНДИКТИН, ЭГЕМЕНДИКТИН, АЗАТТЫКТЫН МАЙРАМЫ.  

Бүгүн биз баарыбыз эзелтен кылымдар бою элибиз эңсеп, күрөшүп,

бирде толуп,

бирде ташкындап,

бирде тартылып,

бирде жоголуп,

бирде чачырап,

бирде сан колдой көбөйүп,

бирде күйүп,

бирде өчүп,

бирде асмандагы жылдыздай жанып,

кыйналса да

сынбай,

тизелебей,

тик туруп

өмүрүн сайып,

кылымдар тилеги,

эчен кылымдар  эңсөөсү болгон – элибиздин Азаттык, Эгемендүүлүк  майрамын белгилеп олтурабыз.

Кыргыз эли тарыхтын эчен сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, көкүрөктөгү эркиндик духун өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, мезгил менен тең жарышып бүгүн Эгемендүүлүк Күнгө жетип олтурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат улуу Адамдык дөөлөт. Эгемендүүлүктүн башкы дөөлөтү-Адамдын эркиндиги жана келечеги!

Кадырлуу аксакалдар, замандаштар жана жаштар!

Бүгүн биз, Эгемендүүлүк Күнүн белгилеп жатып, өлкөбүздүн алдында турган олуттуу маселелерге, келечек багыттарыбызга кайрылууну туура көрүп жатабыз.

Мен, бүгүн ачык, так ишеним менен  айтып коеюун, биз эч качан, эч убакта элибиз тандап алган эркиндиктин багытынан тайбайбыз, мындан ары да демократиялык кайра түзүүлөрдү чыңдай беребиз. Анткени, биздин демократиялык багытыбызга, элдик бийликке  эч кандай альтернатива жок.

Өлкөдө жүрүп жаткан процесстер бир нече кыйынчылыктар менен коштолуп жатканынын да жашыргым келбейт. Биздин элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мен аны ачык айтууга милдеттүүмүн жана аны адамдык парзым катары көрөмүн.

Биринчиден: учурда биздин алдыбызда мамлекеттүүлүгүбүздүү бекемдөө жана өлкөбүздүн кубаттуулугун арттыруу милдети турат. Бул үчүн өлкөбүздө мыйзамдын негизинде гана иш жүргүзүп, бардык тармакты тартипке салуу керек. Бүгүн коомдун өзү да мамлекеттик тартипти күчөтүүнү бийликтен, өкмөттөн талап кылып жатат. Ошол эле учурда ар бир жарандан мыйзамды жана тартипти бекем сактоону тала кылабыз.  Ачыгын айтсам, тартипти күчөтүүгө биздин саясий да, адамдык да эркибиз жетет! Биздин негизги ураан ТАРТИП, ТАЛАП, ӨНҮГҮҮ!

Экинчиден, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү, элибиздин жашоо турмуш шартын жогорулатуу биздин башкы милдет жана негизги маселе. Экономикалык жүргүзүп жаткан иш-аракеттерибиздин башкы максаты –  элибиздин жашоо турмушунун  кызыкчылыгын көздөйт. Учурда мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, күч-кубатын артыруу үчүн улуттук деңгээлдеги ири долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Мисалы, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы  толугу менен бүткөрүлүп, 28-августта ишке берилди. Муну менен өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетип, ички энергетикалык шакекчеге ээ болдук. Өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ жолдор, Кыргызстан үчүн эле эмес бүткүл аймак үчүн маанилүү болгон темир жол, гидро-энергетикалык, тоо-кен өнөр жайы тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу улантылат.

Үчүнчүдөн: өлкөдөгү системалуу коррупциянын тамырын жоготууга багытталган иштерибизди мындан ары да уланта беребиз жана аны күчөтөбүз. Бул күрөштө эч кимге аёо болбой турганын дагы бир жолу эскертким келет.

Кимден-ким мамлекеттин, элибиздин эсебинен “өз көмөчүнө күл тартып”, пайдага туйтунууну кааласа алар мыйзамдын алдында жооп беришет!

Төртүнчүдөн: өлкөбүздөгү жүрүп жаткан демократиялык процесстерди мындан ары карай жанданта беребиз. Бул багытта туруктуу, системалуу аракеттерди жасайбыз. Биздин өлкөдөгү демократиянын гаранты – өлкөбүздөгү туруктуулук. Өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөөнүн негизи ал -  биримдик, ынтымак - ырашкерлик.  Анан албетте,-ТАРТИП!

Бешинчиден: Эртең өлкөбүздүн мектептеринде алгачкы коңгуроо кагылып, билим дүйнөсү эшигин ачат. Биз, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн билим  менен гана бекемдей алабыз. Биздин максатыбыз Кыргызстанды эң билимдүү, заман менен тең жарышып, бардык талаптарга жооп берген адамдардын өлкөсүнө айландыруу, Анткени биз билим менен гана дүйнөгө атаандаш боло алабыз.

Сиздерге кеңири маалым болгондой, быйыл биз 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөргөнү турабыз. Бул шайлоонун саясий мааниси чоң. Өлкөбүздүн мындан аркы тагдырын чечүүдө бул шайлоонун саясий баасы олуттуу. Быйылкы жылдагы шайлоонун дагы бир өтө маанилүү маселеси, быйылкы шайлоо биометрикалык маалымат топтоо аркылуу, жаңы технологиялардын шартына ылайык болуп өткөрүлөт. Бул ачык-айкын жана таза шайлоого негиз түзөт. Кыргыз өкмөтү бул шайлоону таза, ачык айкын, эч кандай мыйзам бузуусуз өткөрүүгө даяр. Шайлоого катышкан  партиялар мыйзамдарды  чынчылдык менен аткарып, ал эми жетиштүү добуш албай калгандары чычалабай, шайлоонун жыйынтыгын тааныш керек.

Ошондуктан, бул шайлоодо сиздер жети өлчөп бир кесип, өлкөбүздүн келечегине добуш бересиздер. Ар бириңиздер өз чечимиңиздерди жүрөктө таразалап, акылмандык менен чечим кабыл аласыздар деген ниеттемин.

 

Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, тынчтык өкүм сүрсүн! Эгемендигибиз баарыбызга кут болсун!

Майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                         Т.А.Сариев