28
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарында аймактык массалык-маалымат каражат жетекчилери менен жолугушту
Бүгүн, 28-декабрда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин катышуусунда мамлекеттик жана аймактык телеканал өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өткөрүлдү.
Басма сөз жыйынында Өкмөт башчы узап бара жаткан жылдын жыйынтыктары тууралуу айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Премьер-министр 2015-жыл ичиндеги Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар катары алгач жолу биометрикалык маалымат топтоонун негизинде ачык-айкын, мыйзамдын чегинде парламенттик шайлоонун өткөрүлүшүн жана Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясына толук кандуу мүчө болуп кошулушун атады.
«Бул шайлоо Кыргызстанда саясий туруктуулук камсыз болуп, саясий маданияттын жогорулаганын көрсөттү. Шайланган парламент белгиленген мөөнөттө Өкмөттү түзүп, анын курамын жана учурдагы кырдаалга ылайыкталган антикризистик чараларды камтыган программаны бекитип берди», - деди Темир Сариев.
Муну менен катар бул жылы Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы ишке берилип, өлкө ички энергетикалык шакекчесине жана энергетикалык эгемендикке ээ болгонун билдирди. Энергетикалык жаатта Токтогул ГЭСин жана Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо иштери жүрүп жатканын жана Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча Өкмөт чечим кабыл алып, тендер жарыялоого даярдыктар көрүлүп жатканын Премьер-министр кошумчалады.
Журналисттерди улуттук экономиканын өнүктүрүү багытында өнөр-жай, айыл чарбасы, кайра иштетүү жаатындагы Өкмөттүн аткарып жаткан иштери тууралуу суроолор кызыктырды. Ошондой эле Кумтөр долбоорун реструктризациялоо боюнча «Центерра Голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдөн чыгуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы чечими, мамлекеттик чек араны бекемдөө жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча аракеттер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатын жакшыртуу, мамлекеттик кызматкерлерди жеткиликтуу турак-жай менен камсыз кылуу боюнча суроолор берилди.
Премьер-министр өтүп бара жаткан жылда өлкө боюнча инфраструктуралык долбоорлорго, анын ичинде жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп, өлкө бюджетинен кошумча 1 миллиард сом бөлүнүп, аймактардагы ички жолдорду оңдоого жумшалганын маалымдады.
Темир Сариев белгилегендей, быйыл өнөр жайды иштетүүгө өзгөчө басым жасалды жана жыл ичинде Кеминдеги Талды-Булак-Сол-Жээк, Ала-Букадагы Бозымчак алтын кен фабрикалары ишке берилди.
«Биз 2016-жылдын бюджетин түзүүдө өнөр-жайга, реалдуу секторго көңүл бурдук. Мисалы, 2016-жылга карата бюджетте реалдуу сектордун үлүшү 34,9 пайызды түздү, былтыр бул көрсөткүч 30,2 пайызды түзгөн эле. Натыйжада ал көрсөткүч 4,7 пайызга көбөйүп, өнөр-жайды өнүктүрүүгө 7 миллиард сомдон ашуун каражат каралды. Муну менен катар тике инвестициялардын көлөмү 15 пайызга жогорулады», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Өкмөт өзүнүн келечектүү багыттары катары билим берүү, балдарга камкордукту күчөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы тейлөө сапатын жакшыртуу маселесин атады.
[su_carousel source="media: 68982,68983,68984,68985,68986" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү