17
Декабрь
Премьер–министр Темир Сариевдин КЭРге расмий сапарынын алкагында Пекин шаарында Кыргыз–Кытай инвестициялык форуму өттү
Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер–министри Темир Сариевдин Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алкагында Пекин шаарында Кыргыз–Кытай инвестициялык форуму өттү.
Форумга Кыргызстан жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.
Форумду ачып жатып Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргызстан жана Кытай ортосунда бекем экономикалык байланыш бар экенин белгилеп, муну дагы өнүктүрүүгө ири потенциал бар экенин билдирди.
«Кытай – Кыргызстандын эң жакынкы коңшуларынын бири жана ири инвестициялык өнөктөшү, мамлекеттер Улуу Жибек жолу аркылуу тыгыз байланышкан. Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрүү биз үчүн экономикалык, социалдык маанисинен тышкары да зор тарыхый мааниге ээ. 2014-жылы Кыргызстандын Кытай менен соода жүгүртүү көлөмү 1 миллиард 180 миллион долларды тузду. Бул эки өлкө үчүн экономикалык байланышты күчөтүүгө мүмкүндүк бар экенин көрсөтөт», - деди Арзыбек Кожошев.
Экономика министри Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү экенин маалымдап, аталган уюмдун алкагында инвестрлор үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстанда инвесторлор үчүн эң либералдуу мыйзамдар, ынгайлуу салыктык система жана арзан электроэнергия, жумушчу күчү бар экенин билдирип, учурда бизнес чөйрөгө ыңгайлуу шартты жакшыртуу үчүн активдуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттиктин жана Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле Кытайлык China Road and Bridge Corporation, Tapline, San churn Beijing Century Energy Technology Corporation» сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү долбоорлору тууралуу маалымат берди.
Муну менен катар Кыргызстандын Курорттор Ассоциациясы «Суяб Эл аралык тарыхый-маданий комплекси» тууралуу жана Кыргызстандын Жогорку технология паркынын өкүлдөрү долбоорлору тууралуу презентация кылды.
Форумдун алкагында Кытайлык IZP компаниясы менен Кыргызстандын «Банк аралык Прогресстик Борбор» ортосунда транс чек аралык клирингдик жана эсептик система боюнча стратегиялык кызматташуу боюнча келишимге жана Кытайлык IZP компаниясы менен Кыргызстандагы «Бай-ТүшүмБанктын» ортосунда транс чек аралык соода жана кызмат көрсөтүүдөгү банктык эсеп платформасын илгерилетүү боюнча келишимге кол коюлду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү