23
Сентябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариевдин Курман айт майрамы менен куттуктады
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!
Баардыгыңыздарды ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Эзелтен Курман айт–ыйман менен гумандуулуктун зор баалуулуктарды камтыган ыйык майрам. Бул майрам адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Бул күнү Улуу Алла Таалага ыраазылык билдирүүнүн белгиси катары ар бир мусулман курмандык чалып, жараткан алдында ыйык милдетин аткарышат. Курман айт майрамын белгилеп жатып мамлекетибизде жашаган ар улуттагы мекендештерибиздин биримдиги, ынтымагы бекемделип, достук мамилелери күчөп, бир туугандык сезимдери чыңалат.Урматтуу мусулман мекендештер,
Курман айтты жакшы ниет жана илгери үмүт менен тосуп, өлкөбүздөгү ар бир адамга, үй-бүлөгө тынчтыкты, бакубаттыкты жана бактылуулук тилейбиз. Ыйман нуру ар бир мекендешибиздин жүрөгүнө жылуулукту ыроолосун. Мамлекетибиз кубаттуу, туруктуу болуп, ар дайым өсүп-өнүгүү коштоп турсун. Ылайым элибизден ырыскы куту кетпесин! Курман айт майрамыңыздар маарек болсун! Премьер-министр Т.А.Сариев