22
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариевдин Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктоосу
“Урматтуу энергетиктер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – энергетиктердин күнү менен чын дилден куттуктаймын!
Энергетика тармагы республикабыздын экономикасынын өзөгүн түзгөн тармак болуп саналат жана сиздердин ар күнкү оор эмгегиңиздер - бул өлкөбүздүн мындан ары өсүп-өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымыңыздар деп эсептеймин. Энергетиктердин эптүү жана так ишинен улам коомдун бирден бир бакубатчылыгына негиз түзүлүп, ар бир үйгө жылуулук жана жарык берилет.
Энергетиктердин кесиби – турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөсүндө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чыныгы жаратмандык иш. Энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү ишине көп учурда өлкөбүздүн экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүшү жана элдин бейпилдиги көз каранды экендиги бизге белгилүү.
Калыптануу жылдары энергетикалык тармак көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, айрым кыйынчылыктар бүгүнкү күндө да жок эмес. Бирок ушуга карабастан тармак өнүгүп, өлкөнүн экономикасын колдоп келатат. Ушул өсүп-өнүгүүнүн татаал этабында алдыбыздагы жакынкы мезгилде отун-энергетикалык комплексинин финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу, республиканын калкынын жана экономика тармактарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн энергосистеманын ишинин ишенимдүүлүгүн жана генерация кылуучу кубаттуулуктарды көбөйтүү милдеттери турат.
Үстүбүздөгү жыл энергосектордун тарыхында бурулуш мезгилдерден болуп калат: “Датка-Кемин” 500кВ электр берүү линияларынын 500кВ “Кемин” көмөк чордону менен курулушу бүтүрүлдү, бул 500кВ электр тармагынын өзүбүзгө таандык алкагын түзүүгө жана республиканын энергиялык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылууга жардам берди.
Урматтуу энергетиктер! Өлкөбүздүн жетекчилиги мындан ары да сиздерге энергетикалык комплекстин туруктуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу боюнча алдыга койгон милдеттерди ийгиликтүү чече алат деген ишенимин билдирет.
Ушул күнү өлкөбүздүн энергетика системасынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон энергетика тармагынын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Алар түптөгөн пайдубалдын бекемдигинен улам бүгүн энергосекторубуз ийгиликтүү иштеп, өнүгүү жолунда турат.
Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, чыгармачылык жана эмгектеги ийгиликтердин ар дайым коштоп жүрүшүн кесиптик майрам күнүндө каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.
Алдыга койгон пландарды жүзөгө ашыруу, максаттуу алдыга багыт алуу - сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздердин үзүрүн берип, энергетикалык тармакты жаңы, бийик деңгээлге чыгаруу менен республикабыздын гүлдөп өсүшү үчүн ишенимдүү негиз түптөйт.
Дагы бир жолу баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, жаңы жетишкендиктерди, турмуштагы ийгиликтерди, бекем ден-соолукту, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бейпилдик каалаймын!”
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариев