08
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариевдин Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!
Ардактуу журналисттер,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын теле жана радио кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктайм!
Кыргызстанда маалымат кызматкерлери, анын ичинде теле жана радио кызматкерлери абдан чоң мааниге ээ. Себеби, жөн гана маалымат каражаты эмес,теле жана радио коомдо өзгөчө орду бар социалдык институт. Ал көрөрман менен угарманга өз убагында кабар берип, коомдогу кемчиликти ачуу чындык менен чагылдырып, жетишкендикти жалпыга даңазалоочу күчкө ээ.
Теле жана радио кызматкерлери демократиялык баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруп, эл бийлигин орнотуу үчүн абдан көп эмгек кылды, тер төктү.
Мындай аракеттин акыбети кайтып, өлкөбүз демократиялык башкаруунун жолуна түшүп, мыйзамдуулук, адам укугун, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды сыйлаган коомду куруу боюнча аракеттердин жыйынтыгы сезилип жатат.
Ал эми Кыргызстан 2015-жылдын 17-июнунан тарта санариптик берүүгө өтүп, акыркы технологиялык жеткишкендиктер менен жарышууга мүмкүнчүлүк алды. Эми мазмундук жагынан чыгармачыл потенциалды көрсөтүүчү мезгил келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптик теле берүүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аны өркөндөтүү жаатында өз ишмердигин улантат.
Урматтуу журналисттер!
Биздин бир гана максатыбыз жана бар. Ал-кубаттуу, өнүккөн жана эркин Кыргызстанды куруу. Мына ушул изги тилегибизди орундатууга журналисттерди салым кошууга чакырамын.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын. Баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев