04

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин мугалимдердин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Кымбаттуу Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди жыл сайын салттуу белгиленип келген кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын.

Кыргыз  Республикасынын ар бир жараны үчүн бул күн мугалимдерди бийик урматтоо менен байланышкан, жүрөккө жакын майрам.

Ар бир адам өзүнүн биринчи мугалимин, билим дүйнөсүнө жетелеп келген насаатчысын эч качан унутпайт.

Мугалим болуу   -   бийик кесиптин ээси болуу, ал бардык кыйынчылыктарга карабастан, өзүнүн эмгегин ак ниети менен сүйгөндөргө     сыймык алып келет.

Ушул жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин Үчүнчү Съезди өттү, анын жыйынтыгы менен билим берүү системасын келечекте өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган.   Менин оюмча Кыргызстандын мугалимдери өсүп келе жаткан муунду сапаттуу окутуу жана тарбиялоодогу  негизги максаттарына жетишүүгө жөндөмдүү.

Сапаттуу билим жана алдыңкы илим аркылуу гана жаңыланган өлкөгө келүүгө жана азыркы замандагы жөнөкөй эмес маселелерди ийгиликтүү чечүүгө мүмкүн экендигин баарыбыз билебиз.

Заманбап коомдун маанилүү баалуулуктары мурдатан эле жарандарынын билимдүүлүгү, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жөндөмдүүлүгү болуп келген.  Биздин Өкмөт окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрөт, себеби билим берүү коомдун өнүгүшүнүн ресурсу жана аракеттеги механизми болуу менен бирге келечек үчүн иштейт.

Урматтуу мугалимдер жана билим берүү тармагынын кызматкерлери, Сиздердин кесиптик жолуңуздар ийгиликтүү болсун – сиздердин окуучулар жана алардын ата-энелери, жамаатташтар менен болгон өз ара мамилеңиздерде ырааттуулук, ишиңиздерге талыкпаган өнүгүү жана чыгармачылык мамиле каалайм!

Асыл жана талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чоң рахмат!

Премьер-министр                                                             Т.А.Сариев