04
Март
2016
Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын облусуна бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Нарын облусуна бир күндүк иш сапары башталды.
Сапардын алкагында Премьер-министр Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университети менен таанышат.
Ошондой эле Нарын шаарында өтчү билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык кеңешмеге жана 2016-2020-жылдарга билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепциянын бет ачарына катышат.
Ошондой эле Темир Сариев Нарын облусунун активист аялдары менен жолугушмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү