14

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын облусуна карата эки күндүк жумушчу сапары башталды

Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Нарын облусуна эки күндүк иш сапары башталды.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун оңдоо иштери, Нарын районундагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын жана Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат. Муну менен катар Нарын шаарындагы ички жолдордун абалы жана курулуп жаткан социалдык обьекттер менен таанышат.

Ошондой эле Соң-Көл жайлоосунун малчылар менен жолугуп, алардын турмушу менен таанышмакчы.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү