19
Февраль
2016
Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын жана Ысык-Көл облустарына эки күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Нарын жана Ысык-Көл облустарына эки күндүк иш сапары башталды.
Сапардын алкагында Премьер-министр Нарын районунун Кара-Жылга, Тоң районундагы Арчалуу, Кара-Саз кыштоолоруна барып, малчылардын жашоо-турмушу менен таанышып, жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле Тоң районундагы балык өстүрүүчү завод жана башка айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат.
Сапардын экинчи күнү Балыкчы шаарындагы аскердик-оперативдик окууларга катышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү