30
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариевдин Ош облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ош облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапар алкагында Премьер-министр Ош облусунда үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында орун алган жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышат. Темир Сариев жаратылыш кырсыгынан жабыркаган бир катар райондорго барып, анын ичинде Кара-Суу районундагы Чайчы айылынын жабыркаган жарандары менен жолугушат.
Мындан тышкары, Темир Сариев Кыргызстандагы алты миллионунчу атуулдун үй-бүлөсү менен жолугушуп, ымыркайдын төрөлүшүнүн урматына мамлекет атынан белек кылынуучу 4 бөлмөлүү үйдөн ачкычын тапшырмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү