17
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында терроризмге каршы коопсуздук чараларга арналган жумушчу жыйын өттү
Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында терроризмге каршы коопсуздук чараларга арналган жумушчу жыйын өттү.
Жыйынга Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук Гвардиянын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери катышты.
Жыйынды ачып жатып Премьер-министр акыркы учурдагы дүйнөдөгү окуялар коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын туудуруп, мындай кырдаалда коопсуздук жаатындагы иштерди иретке келтирүү менен жооптуу мамлекеттик органдар ортосундагы координациялык иштерди күчөтүү керектигин билдирди.
“Дүйнөдөгү акыркы окуялар коопсуздук чараларды күчөтүү зарыл экенин билдирүүдө. Бул боюнча коопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышы жана маалымат алмашууну жакшыртуу зарыл. Коопсуздук боюнча негизги милдет Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жүктөлгөн. Бул комитет баардык мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта инструкциялык маалыматтарды жана түшүндүрүү иштерин жогорку деңгээлде алып барышы керек. Муну менен катар күч органдарынын ар кыл чакырыктарга каршы туруу даярдыгын сынап, биргелешкен машыгууларды өткөрүү зарыл. Биздин күч жана коопсуздук органдары бүгүнкү күндүн ар кыл коркунуч жана чакырыктарына каршы турууга даяр болушу керек”, - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү стратегиялык обьекттерге, эл көп топтолгон жайлар жана социалдык обьекттериндеги коопсуздук чараларын текшерүүдөн өткөрүп, күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жарандар арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү тапшырылды.
Жыйында Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги терроризм жана экстремизмге каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат беришти.
Ошондой эле 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтчү Кыргыз Республикасы жана Иордан Королдугунун футбол боюнча курама командасынын беттеши учурундагы көрүлгөн коопсуздук чаралар боюнча маалымат угулду.
Премьер-министр Темир Сариев аталган беттеш маалында коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 66769,66770,66771,66772,66773" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү