19
Октябрь
Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча тийиштүү түзүм жетекчилери төө буурчактын баасы тегерегинде түзүлгөн жагдай менен таанышуу иретинде Талас облусуна жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин тапшырмасы менен Талас облусундагы төө бурчактын баасына байланыштуу дыйкан-фермерлердин кайрылуусунан улам Өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигин төрагасы Болсунбек Казаков жана Айыл чарба жана мелорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Талас облусуна жөнөп кетти.
Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, аталган жетекчилер төө бурчактын баасына байланыштуу жагдайды териштирип, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Темир Сариев эгер төө бурчактын баасын атайлап төмөндөткөн ортомчулар аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдын чегинде жоопкерчилигин кароону тапшырды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү базар экономикасынын шартында айыл чарба продукцияларына бааны рыноктук суроо-талап аныктарын жана учурда коңшу өлкөлөрдө да айрым айыл чарба продукцияларынын баасы төмөндөп жатканына көңүл бурууну эске салат.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарба өндүрүүчүлөрдү жана дыйкан-фермерлерди колдоо жаатында жана өндүргөн продукцияны жогорку баада сатылышына шарт түзүү боюнча аракетти көрүп жатканын белгилейт.
Бул багытта жеңилдетилген насыялар жана айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча жаңы ыкмаларды дыйкандарга жайылтуу жаатында иш алпарууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү