14
Ноябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Балыкчы шаарындагы “Каухар-Таш” таш-темир заводунун ишмердиги менен таанышат жана Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун оңдоо иштеринин башталыш иш-чарасына катышат.
Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, аталган шаардагы ипподромду реконструкциялоого арналган жыйын өткөрөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү