07
Август
Премьер-министр Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна иш сапары башталды
Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Каракол шаарындагы “Жылуулук” ишканасынын кошумча курулуп жаткан имарат жана оңдоодон өткөрүлүп жаткан көчөлөрдү курулушу менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планы талкуулайт. Муну менен катар Жети- Өгүз Жон-Булак жана Кызыл-Суу айылдарындагы салынып жаткан мектептердин жана Түп районундагы оорукананын имаратынын курулушу менен таанышат.
Ошондой эле Түп райондагы эл аралык маанидегеи Түп-Кеген жолунун курулушунан кабар алып, Чолпон-Ата шаарындагы биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тестирлөө ишине күбө болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү