01
Август
Премьер-министр Темир Сариевдин Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак кениндеги “Казахмыс Голд-Кыргызстан» тоо кен ишканасынын ачылыш аземине катышат.
Муну менен катар аталган райондогу Иштамберди кениндеги «Фулл-Голд Майнинг» тоо кен иштетүүчү ишканасынын учурдагы абалы менен таанышат. Мындан соң Сузак районундагы Кыр-Жол айылында көчкүдөн жабыр тарткандарга салынып жаткан Жашасын айлылындагы турак-жайлардын жана райондогу Көк-Арт аймагында курулуп жаткан альтернативдик автожолунун курулушу менен таанышат.
Ошондой эле Жалал-Абад шаарында бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планы талкууланмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү