08
Октябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариевдин Жалал-Абад облусуна иш сапары башталды
Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын алкагында Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы оңдолуп жаткан жолдордун, мектептер жана башка социалдык обьекттердин курулушунун жүрүшүнөн кабар алат.
Ошондой эле Базар-Коргон районундагы пахта заводунун, Ноокен районундагы жашыл-жемиш сактоочу кампалар жана күнөсканалардын иши менен таанышмакчы.
Муну менен катар Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын VII Спартакиадасын ачылыш салтанатына катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү