11
Апрель
2013
Бүгүн, 11-апрелде, “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргызстанга болгон расмий сапарын аяктаган Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганды узатуу аземи болуп өттү.
Турциянын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Премьер- министри Жантөрө Сатыбалдиев учуу тилкесине чейин жеке өзү узатып барды. Учурда Режеп Тайип Эрдогандын борту Монголияга расмий сапар үчүн багыт алды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү