09
Ноябрь
Бүгүн, 8-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош областы боюнча иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Жантөрө Сатыбалдиев жергиликтүү тургундарга Өкмөттүн алдында биринчи кезекте турган милдетттери, күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү, республикалык бюджеттин абалы жана жакын арадагы пландары тууралу айтып берди. «Чоң-Алай районунда мен акыркы жолу 5 жыл мурда болгом. Андан бери райондо бир топ өзгөрүүлөр болду. Эң башкысы, райондун эң маанилүү автоунаа жолу Дароот-Коргондон баштап Кытай менен Тажикстандын чек арасына чейин толугу менен оңдолуп чыкты. Инфраструктуранын өнүгүшү райондун жашоочуларынын ишкерлүү активдүүлүгүнүн өсүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Чоң-Алайлыктардын турмушу акырындап оңолууда. Ири мүйүздүү малдардын жана майда жандыктардын санынын өсүшү мунун далили. Өкмөт айылдыктардын дыйканчылык кылуусуна же мал чарбачылыгын өстүрүүсүнө ар тараптан жардам берүүгө даяр. Сөз дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды жана айыл чарба техникаларын лизингдик негизде берүү тууралуу болуп жатат» - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Премьер-министр мурда көпчүлүк тургундар райондун кийинки тагдыры тууралуу маселени көтөрүштү. «Чоң-Алай району башка бир чоң районго кошулабы деген суроо көпчүлүктү тынчсыздандыруучу. Мен айтар элем, Чоң-Алай району мурдатан болгон жана өз алдынча административдик-аймактык бирдик болуп кала берет», - деп Жантөрө Сатыбалдиев баса белгиледи. Андан соң тургундар көйгөйлүү проблемалары тууралуу айтышты. Атап айтсак, таза суу маселесинин чечилишинин зарылдыгын, мамлекеттик чек аранын демаркация жана делимитация процессинин аякашынын, айрым мектептердин көңүл оорутарлык абалы, ундун жана көмүрдүн кымбатчылыгы тууралуу сөз болду.
Дароот-Коргон айылындагы автоунаа жолунун тардыгынан улам, өтүп бара жаткан машиналар адамдарды жана малдарды коюп кетип жатканын айыл тургундары билдиришти. Ушуга байланыштуу жолдун эки тарабына тротуарларды салып берүүнү суранышты. Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органга тратуардын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. «Быйыл тратуарды сала албайбыз, суук түшүп калды. Келерки жылы салдырып беребиз», - деп Өкмөт башчысы айтты. Баатыр энелерди колдоо боюнча суроого Ж. Сатыбалдиев учурдагы баатыр-энелер жөнүндөгу жобого өзгөртүү киргизүү каралып жатканын белгиледи.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев бардык көтөрүлгөн маселелер боюнча Өкмөт иш алып бараарын белгиледи. Мындан тышкары Өкмөт башчысы ар бир райондук борбордо өкмөттүн кабылдамалары уюштурулаарын жана түз байланышта Премьер-министр интернет аркылуу кабыл алууну ишке ашыраарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү