28
Ноябрь
2012
Бүгүн, 28- ноябрда №1 Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын регионалдык кызматташуусунун кеңейиши экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору” аттуу II кыргыз-россия конференциянын ишин ачты.
Премьер-министр өзүнүн сөзүндө форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жылуу каалоо сөзүн билдирди.
Ж.Сатыбалдиев кыргыз-россия мамилелери үчүн быйылкы 2012-жылда эки тараптык кызматташуудагы өнүгүүнүн жаңы этабы ачылганын, Россиянын Президенти Владимир Путиндин ушул жылдын сентябрь айында болгон расмий сапары учурунда макулдашылган келишимдер эки тараптык мамилердин жиреп чыгуусу болгонуна токтолуп, - «Биз биргелешкен долбоорлорду тезинен жылдырууга кызыкдарбыз. Эки өлкөнүн региондор аралык кызматташуусунун кеңейиши колубуздагы кызматташуунун потенциалын ишке ашырууга көмөк берет. Бүгүнкү иш-чара да буга түрткү болооруна мен ишенемин ”- деди.
Ж.Сатыбалдиев 2011-жылдын 23-мартында өткөн Кыргызстан менен Россиянын региондорунун кызматташуу алакасын кеңейтүү боюнча өткөн 1- конференциянын жакшы жыйынтыктарын канаттануу менен белгиледи. Анын мисалы болуп Ош облусу менен Алтай крайынын, Чүй облусу менен Омск облусунын жана Бишкек шаары менен Санкт-Петербургдун кызматташуусу болуп эсептелет.
“Биздин өз ара кызматташуубуздун мүмкүнчүлүгү жетишээрлик күчкө ээ болду жана кызматташуунун ар түрдүү ыкмасын ишке ашыра алабыз”- деп айтты Премьер-министр.
Ж.Сатыбалдиев өз сөзүн аяктап жатып конференциянын уюштуруучуларына аталган иш-чараны өткөрүүдөгү кошкон салымдары үчүн ыразычылыгын билдирди.
Маалымат иретинде:
Конференциянын ишине Россия тараптан РФ Президенттик Администрациясынын, министирликтердин, ведомстволордун, региондордун өкүлдөрү, ошондой эле ААК «Газпром», ААК «ЭРА-ГЛОНАСС», ААК «ИНТЕР РАО ЕЭС», «РусГидро», «Росатом», ААК «РЖД», АКБ «Инвестторгбанк», «АКБ «Новикомбанк», ЖАК «СИБПРО», ЖЧК «Инкоммаш» сыяктуу ири ишканалардын жана банктардын жетекчилери катышты.
Кыргызстан тараптан КР Өкмөтүнүн бардык мүчөлөрү, Президентик Аппарат, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ААК «Залкар банк», ААК «Айыл банк», ААК «Кыргызгаз», ААК «ТНК «Дастан», ААК «Кыргызалтын», ЖЧК «Интергласс», ААК «Кыргызагропродкорпорация», ААК «Кара-Балта тоо-кен комбинаты», ААК «Кайыңды кабель заводунун» жетекчилери катышты.
Конференциянын биринчи күнүндө кызматташуу боюнча айрым меморандумдарга кол коюлду. Экинчи күнү кыргыз-россиялык ишкерлер кеңеши болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү