26
Сентябрь
2012
Бүгүн, 25 сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде учурдагы тоо-кен өндүрүшү тармагындагы абал тууралуу кеңири аппараттык жыйын өткөрдү. Жыйынга тармакка кирген мамлекеттик ишканалар менен жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, тоо-кен өндүрүш ишканаларынын башчылары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри инвесторлордун, мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин көңүлүн тоо-кен өндүрүш тармагы республиканын экономикасынын негизги рычагы экендигине бурду. “Бүгүнкү күндө Өкмөт бул тармакка байланыштуу мыйзамдарды жакшыртуу, анын инвестициялык ийкемдүүлүгүн арттыруунун үстүндө иштеп жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө тоо-кен өндүрүү тармагы оор абалда. Мындай абалга бизди учурдагы жана мурда болуп келген коррупция алып келди.
Эгемендик жылдарында биз чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана жаратылыш ресурстарын иштетүү үчүн лицензияларды жеке кызыкчылыктарын көздөгөн күмөндүү инвесторлорго оңду-солду таркатуу менен ресурстарыбызды туура эмес пайдаланып келдик. Мамлекеттин экономикасына эч кандай пайда алып келбегендиктен эл ичинде нааразылыктарды пайда кылды”, - деди Өкмөт башчы.
Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт инвесторлор менен сүйлөшүүгө ар дайым даяр экендигин белгилеп, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иштөөгө, лицензиялык макулдашууларда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди так аткарууга чакырды.
Инвесторлор жаратылыш ресуртарын казып алууну баштоодон мурда жер-жерлердеги бийлик менен бирге жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүп, тоо-кен өндүрүү компанияларынын ишмердүүлүгүнүн оң жактарын түшүндүрүү менен бирге аймакка, ал жерде жашаган элге, мамлекетке келтире турган пайдалар жөнүндө кеңири түшүндүрүү абзел экендигин Өкмөт башчы баса белгиледи.
Премьер-министр Өкмөт тарабынан ак ниет инвесторлорду ар дайым колдоп, аларга жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Жыйындын жүрүшүндө Ж. Сатыбалдиев менен тоо-кен компанияларынын жетекчилеринин ортосунда суроо-жооп түрүндө ачык-айкын жана конструктивдуу диалог болду. Өкмөт башчы министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү бийликтерге тоо-кен өндүрүү компаниялары көтөргөн маселелерди, анын ичинде “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы боюнча проблемаларды кечеңдетпей чечүүгө көмөктөшүүнү тапшырды.КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү