27
Ноябрь
Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев “Инвестторгбанк” АКБсынын Директорлор Кеңешинин төрагасы В. Гудков менен жолугушту.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев “Инвестторгбанк” АКБсынын кичи банкын Кыргызстанда ачуу маселе боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Өкмөт бардык керектүү жардам берүүгө даяр. Айыл-чарба тармагы, кайра иштетүү өнөржайы, инфраструктуралык доблоорлор, туризм жана сервис сыяктуу тармактарга инвестиция салууну сунуштайм», - деди Премьер-министр.
В.Гудков Премьер-министрге чыныгы колдоо көрсөтүп жактандыгына ыраазычылыгын билдирип, АКБ «Инвестторгбанк» Кыргызстандын өнүгүүсүнө инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.
КР Өкмөт башчысына Кыргызстанда Россияга айыл-чарба продукциясын жеткирүү боюнча товар өткөрүү тутумунун инфраструктурасын түзүү боюнча долбоор сунуштады.
Тараптар эң жакынкы аралыкта Кызматташуу жөнүндө Меморандум кабыл алуу жөнүндө макулдашты.
Маалымат үчүн:
АКБ “Инвестторгбанк” (ААК) 1994-жылы март айында түзүлгөн. Инвестторгбанк – универсалдуу коммерциялык банк, экономика тармагынын кенен спектринде иштеген ар түрдүү формадагы ишканаларды жана уюмдарды, чакан жана орто бизнестеги компанияларды, жеке кардарларды тейлейт. Инветторгбанк – Москва шаарынын Өкмөтүнүн өнөктөш банкы болуп эсептелинет.
Банктын капиталы 2012-жылдын 1-октябрына карата – 13 408 009 миң рубль, валюта балансы – 210 463 007 миң рубльди түзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү