17

Ноябрь

2012

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жарандарды жеке маселелери менен кабыл алгандан кийин Талас областынын эли жана активи менен жолугушту.

Ж.Сатыбалдиев өз сөзүндө Өкмөттүн алдында турган иштери жөнүндө кыскача токтолду, андан соң 2012-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2013-жылдын бюджети жөнүндө, кышка даярдык боюнча сөз болду. Премер-министр келерки жылдын бюджети тең салмактуу болоорун белгиледи. Мындан тышкары 2013-жылы Өкмөттүн программасына мамлекеттин экономикасын оңдоого түрткү берүүчү айрым иш-чараларды киргизүү болжолдоноорун айтты.

Учурда айылдар аралык жолдорду калыбына келтирүү боюнча программа даярдалып жатканын Премьер-министр баса белгиледи. «Программа үч жылды камтыйт жана биз ошол убакыттын ичинде айыл аралык жолдорду калыбына келтирүүну пландаштырып жатабыз» - деди Премьер-минстр.

Жантөрө Сатыбалдиев калкка кайрылып жатып мекендештерин тынчтыкты жана туруктуулукту баалоого чакырды. «Биз үчүн эң башкысы өз ара түшүүнү жана достукту сактоо болуп эсептелет. Жакында шайлоо болот, мен сиздерди урууларга жана жердешчиликке бөлүнбөшүңөрдү суранам. Биздин күчүбүз биримдикте, анткени биз жалпысынан кыргызстандыктар деген элбиз»- деди Ж. Сатыбалдиев өз сөзүндө.

Областтын райондорунун акимдеринин күздүк себүү жана кышка даярдык тууралуу отчетторун угуп, Өкмөт башчысы аларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Мисалы, Чынгыз Айтматовдун мемориалдык комплексин курууга мамлекет каражат бөлөөрү тууралуу сөз болду.

Областтык драма театрынын курулушунун бүткөрүлүшү тууралуу сөз болгондо, Премьер-министр чатырын жабууга керектүү каражат берилээрин белгиледи. Обьекти бүтүрүү үчүн жалпысынан 134 млн. сом талап кылынат. Курулушту аяктоо жана пайдаланууга берүү үчүн акча каражаттары 2-3 жылдын ичинде этап-этабы менен бөлүнөт.
Айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаев, саламаттык сактоо министри Динара Сагимбаева, энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Келдибек Ибраев, геология жана минералдык ресурстар мамагентигинин башчысы Ишимбай Чунуевдер жазуу түрүндө түшкөн суроолорго ар тараптуу жооп беришти.
Ушуну менен Премьер-министрдин Талас областы боюнча иш сапары аяктады.

КРдин Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү