08
Ноябрь
2012
Бүгүн, 8-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапары келди.
Өкмөт башчы Чоң-Алай, Алай жана Кара-Кулжа райондорунда бир катар социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышат, Чоң-Алай жана Ош облусунун эл жана активи менен жолугат. Ошондой эле Премьер-министр Алай жана Кара-Кулжа райондорундагы чек ара заставаларында болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү