16
Январь
Бүгүн, 15-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен борбор калаанын көйгөйлүү маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
2013-жылга Бишкек шаарына “капиталдык салым” статьясы боюнча бюджетте 200 млн. сом каралган. “Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык салымынын чыгымдары республикалык бюджеттен кошумча кирешелеринин чегерилишине жараша каралат, азырынча мэрия пландаштырылган финансы каражаттарын өздөштүрүүсү керек. Ал каражаттарды биринчи кезекте бүтө элек социалдык курулуштарга жумшоо зарыл”,-деди Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев.
Жолугушуу учурунда мындан тышкары, Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын бассейиндериндеги бийик тоодогу ташып чыгуу коркунучу бар көлдөрдөгү дамба менен плотиналарды бекемдөө, коркунучу бар участоктордо селден сактоочу инженердик курулуштарды жана дамбаларды кошумча куруу, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин бөлүштүрүү жана башка маселелер каралды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү