27

Ноябрь

2012

    Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР Өкмөтүнүн жыйынынын алдында бул жыйын 22-ноябрды өтмөк болгонун маалымдады. Бирок КР Өкмөтүнүн жыйынында карала турган маселелерге саламаттыкты сактоо министрлиги, айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан көңүлкош мамиле жасалгандыктан жыйын бүгүнкү күнгө жылдырылган.

 Ушуга байланыштуу Өкмөт башчысы керектүү деңгээлде маселе өз убагында даярдалбагандыктан саламаттыкты сактоо министри Д.Сагынбаевага сөгүш, айыл чарба жана мелиорация министри Ч.Узакбаевге эскертүү бергендигин баса белгиледи. Ж.Сатыбалдиев Өкмөттүн бөлөк мүчөлөрүн КР Өкмөтүнүн жыйынында карала турган маелелерди даярдоого жоокерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

 Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыгарылган «Лобби.kg. Өкмөт туткунда калганда” макаласына кайрылып жатып, Премьер-министр Дмитрий Цой менен эч качан жолугушпагандыгы жана көрүшпөгөндүгү” жөнүндө маалымдады.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү