15

Декабрь

2012

Бүгүн, 15-декабрда, Баткен облусунда иш сапарда жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен районунун Ак-Сай айыл округунун чек арага жакын жайгашкан Таш-Тумшук айылынын көйгөйлүү маселелери менен таанышты.

Бул жерде Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамробаев Ак-Сай айыл округунун социалдык-өнүктүрүү программасын презентациялады. Андан соң ал өлкөнүн бюджетинен бөлүнгөн 10 млн. сом кандайча сарпталганы жөнүндө айтып берди. Аталган каражат чек арага жакын жашаган айылдан көчүп кетип жаткан жергиликтүү тургундардын үйлөрүн сатып  алууга  жумшалганын билдирди. Анын айтуусу боюнча сатылып алынган үйлөр айылдык милиция бөлүмчөсү жана балдар бакчасы болуп калды. Ошондой эле аталган каражаттын эсебинен  120 орундук мектеп курулган.

Өкмөт башчысы аталган айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 3 жылдын ичинде ишке ашарын белгиледи.

Андан соң Премьер-министр өзбек анклавы “Сох” менен чектеш “Чарбак” чек ара тозотунун казармасын ачууга катышты.

Казарманын курулушуна 21 млн. сом каражат бөлүнгөнүн Премьер-министр белгилеп,-“Өлкөбүз көз карандысыздыка жетишкенден бери биринчи жолу чек арачылар үчүн казарма курууга каражат бөлүндү”,- деп, чек арачыларды мындан ары дагы Өкмөт колдоорун кошумчалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү