15

Сентябрь

2012

Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жол, почта жана авиа байланыш тармактардагы  көйгөйлөрдү  транспорт жана коммуникация министрлигинде талкуулады. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Өкмөт башчыга жасалып жаткан жумуштар жана пландар тууралуу маалымат берди. Анын айтымына караганда көпчүлүк жумуштар каражаттын жоктугуна байланыштуу жасалбай калып жатат. Министрдин отчётун угуп, Ж.Сатыбалдиев министрликтин жумушун натыйжалуу эмес деп баа берди. Ал эми министрдин каражат жок дегенине Өкмөт башчы министрликке бөлүнүп жаткан акчалар максаттуу пайдаланбай жаткандыгын айтты. Ошондой эле Премьер-министр министрликте башка тармактарга көңүл бурулбай калгандыгын баса белгиледи. “Силердин министрлигиңер көп тармактуу болуп эсептелинет. Бирок акыркы жылдары жолдордун чуңкурлары гана эптеп ремонттолуп жатат. Почта байланышын өнүктүрүүдө, темир жолду жана аэропортторду модернизациялоодо эч нерсе жасалган жок. Мына 6 жылдан бери Кыргызстандын авиакомпаниялары  дагы да болсо Европа Уюмунун кара тизмесинде жүрөт. Эл аралык уюмдар жана донорлор менен биргеликте тыгыз иш алып барганда министрликтин көп маселелерин чечип койсо болот эле”, - деп айтты Премьер-министр. Жолугуушунун жыйынтыгы боюнча Ж.Сатыбалдиев министрликке кыска убакыттын ичинде өлкөнүн негизги авто магистралдарын ремонттон өткөрүүнү жана жумуштун эффективдүүлүгүн жогорулатууну тапшырды.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү