03
Октябрь
2012
2-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарынын суу тазалагыч жайынын абалы менен таанышты.
Чолпон-Ата шаарынын “Водоканал” муниципалдык ишканасынын башкы инженери Махмут Турдакунов суу тазалагыч жайынын көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымына караганда, аталган жай санитардык, экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербейт. Учурда шаардан чыккан суу бир гана механикалык тазалоодон өтөт. Суу тазалоочу жайды реконструкциялоого орто эсеп менен 25-30 млн. АКШ долларын түзөт.
Ж.Сатыбалдиев Чолпон-Ата шаарынын суу тазалоочу жайы этап-этап менен реконструкцияланышын билдирип, тийиштүү долбоорду иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү