26

Ноябрь

2012

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн түндүгүнө жаратылыш газдын берилишинин чектелиши маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин өтүшүндө  «Кыргызгаз»  ААКнын Генералдык директору Тургунбек Кулмурзаев жаратылыш газынын чектелиши боюнча жагдай жөнүндө толугу менен маалымдады. Анын айтымында, «Кыргызгаз» ААКнын «КазТрансГаз» АКна болгон карызы  3 млн. 400 миң АКШ долларына жеткен, ал эми «Узтрансгаз” АКна 114 миң доллар карыз. «Бүгүн «Кыргызгаз» өзүнүн резервинен  «КазТрансГаз» АКна 200 миң АКШ долларын төлөп берген. Ошондо күйүүчүү газды берген тарапка болгон «Кыргызгаздын» карызы 3 млн. 314 миң АКШ долларын түзөт», — деди ал. Газ берген тарапка болгон карыз негизинен өлкөдөгү ири өндүрүш ишканалары, ошондой эле «Бишкектеплокоммунэнерго», «Токмок жылуулук» МИ жана «Кыргызжилкоммунсоюз» МИ өз учурунда көгүлтүр от үчүн төлөбөгөндүктөн келип чыккан. Премьер-министр финансы министрлигине эки күндүн ичинде «Кыргызгаз»  ААКна болгон карызды жоюу максатында айтылган ишканаларга которуу үчүн бюджеттен керектүү каражаттарды карап чыгууну тапшырды. Жантөрө Сатыбалдиев өндүрүш ишканаларынын жетекчилерине эң жакынкы күндөрү карыздарды жоюу боюнча тапшырма берди. Өндүрүш ишканаларынын жетекчилери эмики жуманын аягына чейин  «Кыргызгазга» болгон карыздын көбүн жаап берүү жөнүндө убада беришти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү