17

Ноябрь

2012

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн Талас областы боюнча иш сапарынын алкагында алдын ала пландаштырылбастан Талас шаарынын борбордук базарына  келди. Соода катарларын кыдырып жүрүп, Премьер-министр эң оболу нанга, сүткө, этке, унга жана башка зарыл керектелүүчү азык түлүктөрдүн баалары тууралу кызыкты. Базарда  бир кг эттин баасы 270 сом, биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1200-1300 сом, экинчи сорт 850-870 сомдон экендиги кыдыруу учурунда белгилүү болду. Өкмөттүн  тапшырмасы менен мамлекеттик материалдык Фонддун резервинен брондон чыгарылган  биринчи сорттогу ундун бир кабы соода түйүндөрүндө 1150 сомдон  сатылууда. Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев соодагерлер жана кардарлар менен баарлашып, алардын сунуштарын укту жана кызыктырган суроолоруна жооп берди. Мисалы, “Жерүй” алтын кенинин мындан аркы тагдыры  тууралуу суроого Өкмөт башчысы 100 млн. доллардан кем эмес баага сатылаарын айтты. “Талас областында  пайдалуу кен чыгуучу 44 кен бар. Бул Менделеевдин таблицасынын баардыгын камтыган  десек болот. Ошондуктан биз кен иштетүүдө экологияны  да  бузбастан, жергиликтүү эл да түшкөн  салыктардын эсебинен  өздөрүнүн күнүмдүк социалдык- экономикалык проблемаларын  чечип алгыдай жагдай менен ойлонуп иш кылышыбыз керек” деп белгиледи Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү