17
Ноябрь
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Талас областы боюнча иш сапарынын алкагында Кара-Буура районунун административдик борбору Кызыл-Адыр айылындагы «Семетей» кинотеатрынын абалы менен таанышты. Кинотеатрдын абалы менен таанышуу учурунда Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин директору Мукталы Бекталиев 1980-жылдан бери кинотеатрда бир да жолу ремонт иштери болбогонун маалымдап, имаратты ондоо иштери үчүн болжол менен 10 млн. сом талап кылынаарын айтты. Өкмөт башчысы кинотеатр ондолгондон кийин жана түшкөн каражаттарга заманбап жабдыктарды алып, жаңы фильмдерди көрсөтүү менен жергиликтүү бюджетке пайда алып келишине токтолду. Ушуга байланыштуу Ж. Сатыбалдиев аталган кинотеатрды калыбына келтирүү жана пайдаланууга берүү иштерин жүргүзүүгө бизнес-план иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берди.
Ушул эле айылда курулушу бүтпөй калган тазалоочу жайдын абалы менен таанышты. Септиктен толуп чыгып, үйлөрдү аралап суугат арыктарына кошулуп жаткан канализациялык сууларды Премьер-министр өз көзү менен көрдү. Жантөрө Сатыбалдиевди ушундай абалга болгон жергиликтүү бийликтин камырабастыгы таң калтырды.Ушуга байланыштуу райондун акими, кесиби боюнча санитардык врач Анарбек Осмоналиевди кату сынга алды. Абалды чечүү үчүн Премьер-министр өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго телефон чалып, Кызыл-Адыр айылына тез аранын ичинде толуп калган септикти тазалоо үчүн эки атайын автоунааны жиберрүүгө тапшырма берди». Муну баардыгы менен райондун акими иштеши керек болчу. Райондук мамлекеттик администрация башчыларына зарыл болгон ыйгарым укуктар берилген. Бүгүнкү күнү айыыл округдарынын башчылары жана акимдер баары эле айылдардын жана райондордун проблемаларын чечпестен, Бишкектен борбордук бийликтин өкүлдөрү келишин күтүшөт»- деди Премьер-министр.
Андан соң Премьер-министр Чоң-Талас каналынын абалы менен таанышты.Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевдин айтуусу боюнча аталган каналдын узундугу 75 чакырымды түзөт. Дүйнөлүк банктын финансалык колдоосу менен каналды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын министр белгиледи. Долбоордун жалпы суммасы 40 млн. сомдон ашат. Бүгүнкү күнү аталган сумманын 30 млн. сомдук иштери аткарылды. Калыбына келтирүү иштери аяктагандан кийин кошумча 10 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү болот.
Премьер-министр андан кийин Маймак станциясына жакын жайгашкан кызылча кабыл алуу пунктунда болду. Учурда аталган станциядан кызылчалар вагонго жүктөлүп Кайындыдагы кайра иштетуучу заводго жөнөтүлөт. Талас областы боюнча чогулган кызылчанын түшүмүнүн көлөмү 10 миң тоннаны түздү. 3 күндүн ичинде кызылча заводго жеткирилээри билдирилди. Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов казак тарабы менен аталган жүктү транзиттөө тууралуу макулдашуу болгонун белгиледи.
Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Капка» жана «Айша- Биби-Чоң-Капка» көзөмөлдөө өткөрүүчү тозотторунда болду. КРдин Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү