05
Январь
Бүгүн, 5-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР Ички иштер министирлигинин ички иштер аскеринин башкы штабында болду.
Өкмөт башчысы нөөмөттүк бөлүмдү, окуу-методикалык борборун жана унаа паркын карап чыгып, спорт залында, уктоо жайында, медпунктта жана ашканада болуп, аскер кызматкерлеринин тиричилик жана эс алуу шарттары менен таанышты.
Премьер-министр ички иштер аскеринин командованиеси менен жолугушуу учурунда милицины бекемдөө, анын ичинде патрулдук-кайгуулдук кызматты квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо бүгүнкү күндүн өтө маанилүү милдеттери экендигин белгиледи.
“Ички иштер министирлигинин жаңы жетекчилиги баштаган реформаны Өкмөт колдойт.Жарандардын укуктары, менчиктери корголуп, коомдук тартип менен укуктук тартип сакталып, элдин эртенки күнүнө ишеними болуш керек”,- деди Ж.Сатыбалдиев. Ал аскер кызматкерлерин бийик сезимде өз өлкөсүнүн патриоттору болуусуна чакырды жана ички иштер аскерлеринин командованиесин КР Өкмөтү зарыл болгон материалдык-техникалык жардам көрсөтөөрүнө ишендирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү