
Бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик №1 “Ала Арча” резиденциясында өтүп жаткан кыргыз агроөнөр жай инвестициялык форумуна катышты.
Премьер-министр агардык тармактын экономиканы өнүктүрүүдө жана калктын жашоо шартын жакшыртууда орду чоң экендигин белгиледи. “Тилекке каршы учурда айыл чарба тармагы анча жакшы эмес күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Мурда бул секторду өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программалар иш жүзүнө ашырылбай калган. Азыркы Өкмөт агардык тармакты өнүктүрүү максатында инвесторлорго шарттарды түзүп берүүнүн үстүнөн иш алып барып жатат”, - деди Ж.Сатыбалдиев.
Өкмөт башчы инвесторлорду өз капиталдарын айыл чарбага тармагына мамлекеттик жеке кызматташтык мыйзамынын негизинде жумшоого чакырды. “Өкмөт инвесторлорго жумшап жаткан капиталынын сактыгына кепилдик берет”, - деп кошумчалады Премьер-министр.
Ж.Сатыбалдиев форумдун жыйынтыгы өлкөдөгү ишкердик чөйрөсүн жакшыртууга өбөлгө түзөөрүнө ишеним арттырды.
Маалымат иретинде.
14-сентябрда форумдун жумушу уланат. Форумдун алкагында Бишкек шаарында айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продуктылар боюнча Эл аралык көргөзмө-жарманке «АгроПродЭкспо - 2012» өтүп жатат. Форумга 17 өлкөдөн келген 74 уюмдардын 200дөн ашуун делегаттары катышып жатат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү