15

Январь

2013

Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын эксперт-докладчысы  Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар өлкөнүн жетекчилиги тандаган саясий курстун тууралыгын тактаган демократияны өнүктүрүү жатында республикада  жакшы өсүштөр бар экендигин белгилешти.

2013-жылдын 21-25 январына пландаштырылган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын  Кыргызстан тууралуу кышкы сессиясынын кортундусу республикада демократиялык процесстердин тереңдешине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү  ачарына  Премьер-министр ишеним билдирди.

Мевлют Чавушоглу өз кезегинде Кыргызстанда  Жогорку Кеңешке жана Президентике болгон шайлоолорго оң баа берди.

 Сүйлөшүүнүн соңунда дипломат Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын “Демократия боюнча партнер” статусун алуу тууралуу КР Жогорку Кеңешинин ниетин  жеке өзү колдоорун билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                                                               маалыматтык саясат бөлүмү