09
Октябрь
2012
Бүгүн, 9-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Эл аралык валюта фондуcунун Миссия жетекчиси Кристиан Беддисти кабыл алды.
Жолугушууда тараптар бюджеттик-кредиттик чөйрөдө, салык системасын жакшыртуу, финансы рыногун өнүктүрүү, өлкөдөгү инвестициялык маанайды жакшыртуу багытында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ЭВФ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кеңейтилген насыя механизми программасынын алкагында бөлүнө турган төртүнчү транш жөнүндө маселе каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн эксперттик тобу менен Эл аралык валюта Фонду бюджеттик-кредиттик саясат, финансы рыногун өнүктүрүү багытында жана башка маселелер боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруунун үстүндө ишти уланта бере тургандыгын такташты.
Белгилей кетсек, ЭВФ Миссиясы Кыргызстанга экономикалык кызматташтык жөнүндө Меморандумдун аткарылышын үчүнчү жолу байкоо үчүн келген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү