17

Октябрь

2012

Бүгүн, 16-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев БУУ тутумунун Туруктуу Координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов менен жолугушту. Жолугушуу учурунда БУУӨПтүн 2012 - 1016-жылдарга болгон Өлкөлүк программасынын алкагында Кыргыз Өкмөтү менен БУУ тутуму жана БУУӨП ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана өөрчүтүү маселелерин талкуулашты. Ж.Сатыбалдиев менен А.Аванесов Кыргызстандагы урандын калдыктарын саткоо боюнча проблемалардан келип чыккан экологиялык жана социалдык-экономикалык маселелерди козгошту. Премьер-министр Бишкек шаарында 24-25-октябрда өтө турган “Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайлар: коркунучтарды азайтуу боюнча биргелешкен аракеттер” Эл аралык конференциясын даярдоо жана өткөрүү үчүн көргөзгөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мамлекеттик башкаруунун потенциалы жана эффективдүүлүгү, региондордун социалдык жана экономикалык жактан өнүгүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, тынчтыкты куруу Фондунун алкагында кызматташуу маселелери жана башкалар талкууланды. Тараптар БУУӨПтүн 2012 - 1016-жылдарга болгон Өлкөлүк программасын ишке ашыруу боюнча маалымат менен ар дайым алмашып туруу жөнүндө макулдашты. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү