13
Ноябрь
Бүгүн 12- ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев UNICEFтин (БУУнун Балдар фондусу) Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү, КШМ боюнча регионалдык директору Мари-Пьер Пуарье менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар эне жана баланы коргоо багытындагы, балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү жана балдардын жакырчылыгын жою боюнча КР Өкмөтү менен UNICEFтин кызматташуусун мындан ары улантуунун маанилүү маселелерин талкуулашты. Ымыркай балдар менен энелердин өлүмүн кыскартуудагы UNICEFтин көрсөткөн жардамы үчүн Премьер-министр ыразычылыгын билдирди жана БУУнун Балдар фондусунун мектептерге, мектепке чейинки жана медициналык мекемелерге материалдык-техникалык жактан кошкон салымын бийик баалады. Ошондой эле Премьер-министр аталган эл аралык уюмдун 2010-жылкы окуялардан кийин көрсөткөн жардамы үчүн ыразычылыгын билдирди. Өз кезегинде Мари-Пьер Пуарье Кыргызстанда болгон иш сапарынын биринчи үч күндүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымдап, Кыргызстанда социалдык секторду өнүктүрүүдөгү алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын жана “Балдар жөнүндө кодекстин” жаңы редакциясынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Ошондой эле Мари-Пьер Пуарье UNICEFтин 22 өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин БУУнун Балдар фондусунун ар түрдүү маселелерин талкуулоо боюнча Бишкекте жолугушуусу болоору тууралуу маалымдады. Социалдык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга даяр экендиктери тууралуу тараптар жолугушуунун жыйынтыгында белгилешти. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү