22

Ноябрь

2012

Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев «Ош-Сары-Таш-Иркештам» жана «Сары-Таш-Карамык» автоунаа жолдорун калыбына келтирүү иштеринин толугу менен аякталышына байланыштуу Алай районунун Сары-Таш айылында өткөн салтанаттуу аземге катышты.

Иш чарага Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Башчысы Хираока айым, Ислам өнүктүрүү банкынын өкүллдөрү катышты.

Оңдолгон магистралдарды ачуу аземи учурунда Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев - 255 чакырымды түзгөн “Ош-Сары-Таш-Иркештам» жана 136 чакырымдык «Сары-Таш-Карамык» автоунаа жолдорун оңдоп чыгуу иштери сапаттуу жүргүзүлүп жана өз мөөнөтүндө бүткөнүн канаттануу менен белгиледи. “Оңдолуп чыккан жолдордун жалпы узундугу 400 чакырымга жетет. “Ош-Сары-Таш-Иркештам» жолуна 172 млн., «Сары-Таш-Карамык» жолуна 48 млн. ашык АКШнын доллары инвестиция түрүндө чыгымдалды”- деп билдирди Премьер-министр.

Региондун жашоочуларынын жана жол куруучулардын астында сүйлөгөн сөзүндө Жантөрө Сатыбалдиев аталган жолдордун экономикалык жана социалдык маанилүүлүгүн жогору баалады. “Ош-Сарыташ-Иркештам” трассасы “Ош-Бишкек” стратегиялык жолунун уландысы болуп эсептелет жана биздин өлкөнү Кытай менен, ал эми «Сары-Таш-Карамык» жолу Тажикстан менен байланыштырат. Аталган жолдор регионду өнүктүрүүдө чоң мааниси бар транспорттук артериялар. Регионалдык жана республикалык маанидеги автоунаа жолдорун калыбына келтирүү, оңдоо Өкмөттүн приоритеттүү багыттары экендигин учурдан пайдаланып дагы бир жолу белгилеп кетмекчимин. Мындан тышкары биз айыл аралык жолдорду калыбына келтирүү боюнча 3 жылга багытталган программаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстандын жол тармагындагы өтө маанилүү долбоорду биргелешип ийгиликтүү аяктаганыбыз мени кубандырат. Бул башталышы гана. Өлкөдө саясый туруктуулук жана улуттар аралык ынтымак болсо мындан да чоң инвестициялык долбоорлорду ишке ашырабыз. Мунун баары өлкөнүн экономикалык абалын жана жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртууга оңунан көмөк көрсөтөт” – деди Премьер-министр.

Алай районунун жашоочулары Премьер-министр менен болгон баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жан Өкмөткө жолдорду калыбына келтирүү иштерин бүткөргөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Мурда Ош шаарына жетиш үчүн 7-8 сат корочу, азыр жолдор бүтүп түштүк борборго 3 саатын ичинде жетип бара алышат. Ошондой эле кошуна малекеттер менен болгон соода-экономикалык операциялардын көлөмү көбөйөт. “Автоунаа жолдору бүткөндөн кийин Алай районунан башка айылдарга көмүр алып кетүү бир канча мертеге көбөйдү” - деп белгилешти аксакалдар.

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы башчысы Хираока айым Чоң-Алай, Алай райондорунун жашоочуларынын кубанычтарын тең бөлүштү. Ал өз сөзүндө аталган эл аралык каржы уюму биздин өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн жардам берүүгө дайым даяр экендигин айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү