12

Ноябрь

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ААК “Эл аралык “Манас” аэропортунун филиалы Ош аэропортунун аэробекетинин комплексинин реконструкцияланышынын жүрүшүн жана жергиликтүү авиа каттамдардын аэробекетинин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Аэропорттун директору Талип Токуров Өкмөт башчысына аэропортту оңдоо, кайра куруу иштери 2012-жылдын апрелинде башталганын жана ушул жылдын аягында аяктаары тууралуу маалымдады. Жалпы бүткөрүлгөн иштердин көлөмү 76 млн. сомдон ашкан жана ААК “Эл аралык “Манас” аэропортунун” киреше булактарынан каржыланууда. Аэропортто 1974-жылдан бери капиталдык оңдоо гана эмес, бир да жолу майда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн белгилеп кетүү абзел. Учурда аэропорттун тейлөө мүмкүнчүлүгү эл аралык жана ички багыттар менен бирге саатына 200 жүргүнчүнү түзөт. Реконструкция иштери аяктагандан кийин аэропорттун тейлөө мүмкүнчүлүгү бир топ кеңейет: эл аралык каттамдар боюнча саатына 200 жүргүнчү тейленсе, ички каттамдарда 150 адамды түзөт. 2013-жылы жаңы аэробекеттин комплексин 800 чарчы метрге кеңейтүү менен бирге, учуу тилкеси 400 метрге узартылып, аны бекемдөө күтүлүүдө. Курулуш-оңдоо иштери аяктаганда учуу тилкесинин узундугу 3 200 метрди түзөт.

Ош шаарынын аэропортун жогоруда айтылган курулуш оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендерди “Аль Манар” ЖЧКасы утуп алган. Курулуш компаниясынын башкы директору Арын Жээнбеков билдиргендей, курулуш иштери бул тармактагы жаңы технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүүдө. Атап айтсак, анын айтуусу боюнча, заманбап желдетүү системалары, энергия үнөмдөөчү айнектер жана жылууланган полдор орнотулуп, күтүү залындагы шып улуттук калорит менен жасалат. Аэропорт алдындагы аянт жашылдандырылып, кеңейтилип, аэропорттун жертөлөсүндө 100 орундук коомдук тамактануу точкасы ачылмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымат саясат бөлүмү