13

Декабрь

2012

 Бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгынын астында КР Өкмөтүнүн алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык Кеңештин 2-жыйыны өттү.

Премьер-министр өз сөзүндө жакында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшү боюнчаУлуттук Кеңештин жыйынында  өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев коомчулука сунуштаган 2013-2017-жылдагы Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн долбоорун (“жол картасын”) өнүктүрүү жөнүндө  өнөктөштөрдүн көңүлүн  бурду.

Өкмөт башчысы бул документтин маанилүүлүгү жана приоритеттүү багыттары тууралуу айтып,  Стратегия боюнча донордук коомчулук өз сунуштарын, баяндамаларын берээри тууралуу ишенимин билдирди.

Бүгүнкү Координациялык Кеңештин жыйынында 2013-жылы Бишкекте өтүүчү донорлордун эл аралык конференциясына даярдануу маселелери каралды, энергетикалык коопсуздук,ошндой эле калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу коопсуздугу боюнча азык-түлүктун баалары тууралуу маалымат угулду, ошондой эле сырткы жардамдардын  тактоочу  базасын түзүү маселеси каралды.

Алдыда болуучу эл аралык конференцияга даярдыктар тууралуу  Дүйнөлүк Банктын КРдеги өкүлү Александр Кремер маалымдады. Анын айтуусу боюнча аталган конференция Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ болуу менен донордук коомчулук менен кызматташууну тереңдеткен аянт болуп, мындан аркы приоритеттүү багыттарын аныктайт. Конференцияда Кыргызстандын 2010-жылдан 2013-жылга чейинки жетишкендиктери  жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү талкууланмакчы.

Конференцияда сунуштарды талкулоо жана презентациялоо үчүн секторалдык жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Премьер-министр мамлекеттик органдарды аталган конференцияга активдүү катышуусунун зарылчылыгына жана анын ишине областтарды тартуунун маанилүүлүгүнө  баса көнүл бурду.

Маалымат иретинде: Аталган Кеңештин Теңтөрагасы болуп БУУ системасынын туруктуу Координатору, КРдеги ПРООНдун Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов эсептелет.

Өнүктүрүү боюнча  өнөктөштүктөр тобуна Азия өнүктүрүү банкы, Улуу Британия Элчилигинин эл аралык өнүктүрүү боюнча Департаменти, Европа Кошунунун Өкүлчүлүгү, Германия эл аралык кызматташуу коому, Германия өнүктүрүү банкы, БУУ, эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги, Дүйнөлүк банк, Германия элчилиги, Эл аралык валюта Фонду сыяктуу уюмдар жана өкүлчүлүктөр кирет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү