22
Ноябрь
Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ушул жылдын 25-ноябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнү даярдоодо аймактык жана участкалык комиссияларга уюштуруу-техникалык маселелерин чечүү боюнча Республикалык штабдын жыйынтыктоочу селектордук жыйынын өткөрдү.
Штабдын жүрүшүндө Өкмөт башчысы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо республиканын 416 айылында, 25 шаарында өтөөрүн жана 2 млн. 516 миң адам катышаарын белгиледи.
Андан соң Премьер-министр Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарынын мэрияларынын башчыларынын шайлоого карата даярдыктары жөнүндө маалыматтарын укту. Өкмөттүн баардык өкүлдөрү шайлоону өткөрүүгө региондор даяр экендиктери тууралу баса белгилешти.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов шайлоо күнү участоктордо бир дагы мүчүлүштүк болбосу тууралуу билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бардык шайлоо участкаларында өрткө каршы каражаттар коюлганын айтты. Ички иштер министри Шамиль Атаханов шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо максатында 5 миңден ашык милиция кызматкерлери, 9 миңдей сакчылар тартылганын, шайлоо участкаларында 4037 милиция кызматкерлери нөөмөттө тураарын маалымдады.
БШКанын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоого даярдыктын жүрүшү жакшы экенин айтып, шайлоону өткөрүү жана ага даярдык боюнча бардык беренелер өз убагында Өкмөт тарабынан каржыланганын өзгөчө белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү