01

Декабрь

2012

 Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттик  каражаттарды пайдалануунун  эффективдүүлүгүн жогорулатуу  боюнча жумушчу  жыйын өткөрдү.

“Өлкөнүн бюджетинде жыл сайын башка чыгымдар көбөйүүдө. Кызматтык иш сапарлар жана транспорттук чыгымдар былтыркы жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге  көбөйдү. Булардын баарын үнөмдөшүбүз зарыл. Каражатыбызга жараша иш кылышыбыз керек. 2005-жылга салыштырмалуу өлкөнүн бюджетинен дары-дармек алуу 2,5 эсе көбөйгөн. Ошого карабастан дары-дармек менен камсыздоо боюнча арыздар чечилген жок. Мунун баары бөлүнгөн каражаттардын натыйжасыз пайдаланышы тууралуу айгинилейт”- деп  Өкмөт башчысы белгиледи.

“2013-жылдын январь айынан баштап ар бир министирликтин, ведомстволордун ишмердүүлүгү текшерилет. Текшерүүнүн  эң башкы максаты болуп  мамлекеттик органдар бюджеттик каражаттарды кандай натыйжалуу пайдаланаары тууралуу болот. Ар бир бөлүнгөн сом мамлекетке пайда алып келиш керек. Качан гана бюджеттик каражаттар натыйжалуу пайдалана баштаганда көп проблемалуу маселелер чечилет”- деп билдирди Ж.Сатыбалдиев.

_Өкмөт башчысы министрлерге, жетекчилерге ар кандай чыгымдарын азайтып,  бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу тууралуу тапшырма берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү